Ссылки доступа

Казакстанда шахтадагы беш жумушчу өлгөн кырсыктан кийин АМТ компаниясынын жетекчилиги алмашты


30-ноябрда Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" (АМТ) компаниясы жетекчилиги алмашканын билдирди.

Бүгүнкү күндө компанияга таандык Караганды облусундагы шахтада беш жумушчунун өмүрүн алган кырсык боюнча тергөө иштери уланууда. Өкмөттүк комиссия шахтадагы кырсыкка башка адамдар менен катар эле компаниянын чет өлкөлүк эки жетекчиси – башкы директору Биджу Наир менен көмүр департаментинин директору Желсон Батиста да жооптуу экенин билдирген.

"Мындай маанилүү чечимди кабыл алууга шахтадагы кырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын 3-ноябрдагы баяндамасы негиз болду. Биджа Наир менен Желсон Батиста "АрселорМитталдын" вице-президенти жана "АрселорМиттал КМШнын" башкы директору Виджай Гоялдын кеңешчилери болуп дайындалды. Бул аларга оюн толугу менен шахтадагы кырсыктын себептерин тергөөгө топтоого мүмкүндүк берет", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Биджа Наирдин ордуна АМТнын башкы директору кызматына Владимир Яблонский, Виджай Гоялдын ордуна көмүр департаментинин директору кызматына Виктор Гафиулов дайындалганы кабарланды.

Компания мамлекеттик комиссиянын кырсык боюнча "айрым жыйынтыктарына", ошондой эле "персоналдуу жоопкерчилик жүктөлгөнүнө" макул эмес экенин дагы бир жолу кайталады. "Мыйзамдардын алкагында компания бул боюнча өз позициясын билдирет, учурда тиешелүү документтерди даярдоо иштери жүрүүдө", – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин бийлик АМТнын жетекчилеринин бири өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылгандан кийин 26 шектүүнүн Казакстандын аймагынан чыгуусуна тыюу салынганын кабарлаган. Ошол эле маалда азырынча алардын эч кимисине айыптар тагыла электиги кошумчаланган.

23-ноябрда өкмөттүк комиссия "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык Караганды облусундагы шахтада беш жумушчунун өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө иштери аяктаганын билдирген.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильиндин айтымында, "эмгек мыйзамдарынын" жана "өндүрүштүк коопсуздук эрежелеринин" бузулушуна жооптуу 26 киши аныкталып, иликтөөнүн материалдары полицияга жана прокуратурага өткөрүлүп берилген.

3-ноябрга караган түнү Караганды облусунун Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда беш жумушчу газга ууланып каза болгон.

Аталган көмүр шахтасы 1964-жылы ачылган. 1970-жылдан бери анда адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. 2006-жылы метан газы жарылып, 41 тоо кенчи мерт кеткен.

Аталган шахта Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык. Ал эл аралык Arcelor-Mittal концернине кирет. Компания Казакстанда жалпысынан 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG