Мекеме акыркы жолу ноябрдын ортосунда план 81 пайызга аткарылганын билдирген.
Акыркы жылдары Тажикстанда уландарды аскерге күч менен алып кеткен учурлар көбөйгөн. "Озодинин" ондогон окурмандары ден соолугуна байланыштуу аскердик милдетин өтөөдөн бошотулгандар да армияга чакырылып жатканына даттанышкан.
Истаравшан шаарынын жашоочусу Махбуба Рахматова 26-ноябрда аскер комиссариатынын кызматкерлери тубаса оорусу бар 23 жаштагы уулу Мехровар Усмоновду аскерге алып кеткенин билдирди.
"Уулумду армиядан кайтарууну талап кылам. Тажикстанда дени сак балдар калбай калдыбы?", - деп нааразы болду ал.
Махбуба Рахматова уулу дайыма кам көрүүгө муктаж экенин кошумчалады.
"Уулумдун тубаса оорусу бар. Бирок операциядан кийин абалы начарлап кетти. Жылдар бою дарылап келе жатабыз, ар түрдүү дарыгерлерге кайрылдык. Бул акыркы алган наркоздун кесепеттери деп ойлоп жатабыз", - деди ал.
Ата-эне түрдүү инстанцияга кайрылганы менен майнап чыккан жок. 29-ноябрда Мехровар Душанбе шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн бирине жөнөтүлгөн.
Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анда 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандар аскерге чакырылат.