Ссылки доступа

Путин менен Мирзиёев телефондо сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда телефондо сүйлөшүп, "көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин" талкуулашты. Бул тууралуу Мирзиёевдин администрациясы билдирди.

Кремль телефондук сүйлөшүү учурунда тараптар соода-экономикалык өнөктөштүк, анын ичинде "биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу" маселелерин талкуулаганын кабарлады. Эки өлкөнүн президенттеринин басма сөз кызматтары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстан "газ үчилтиги" идеясы боюнча сөз болгон-болбогонун маалымдашкан жок.

Телефондук сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада Путин менен жолукканда үч тараптуу биримдик түзүү сунушу айтылганын билдиргенден эки күн өткөн соң болду.

Путин менен Мирзиёевдин сүйлөшүүсү жөнүндө Кремлдин билдирүүсүндө Өзбекстан менен Орусиянын биргелешкен долбоорлору эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Самарканддагы жолугушуучу учурунда кеңири каралары айтылат. Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 1-декабрда Өзбекстанга барат.

XS
SM
MD
LG