Ссылки доступа

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун баасы 6 млрд долларга бааланууда


Жакын арада 6 миллиард долларга бааланган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат.

Бул тууралуу Токиодогу Борбор Азия инвестициялык форумунда Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу үчүн инфраструктуралык интеграция жүргүзүү керек.

“Бизге окшогон деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн авто жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Бизди башка өлкөлөр менен байланыштырган жана экономикабызды дүйнөлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү жаңы темир жол каттамдары керек. Алсак, жакын арада Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат, анын наркы учурда 6 млрд АКШ долларына бааланууда”, -деди Жапаров.

Буга чейин долбоордун баасы болжол менен 4-5 млрд доллар болору айтылган.

Октябрда үч өлкө темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоогого байланыштуу макулдашканы маалым болгон. Парламентте "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Азамат Сакиев биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20% төгөрүн, экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30% берерин, үчүнчү этапта Кытай 30% төлөрүн маалымдаган. Ошондой эле, төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келерин бидлдирген. Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт. Буга чейин ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG