Ссылки доступа

Экибастуз: "Аманат" партиясы жылыткычтар жөнүндө сюжеттен кийин доого калды


Казакстанда бийликтин “Аманат” партиясы (мурда “Нур Отан” деп аталган) соцтармактарда тараган видеого байланыштуу доого калды.

Экибастуз шаарында жылуулуксуз калган көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын бири видео жарыялап, журналисттер үйгө жылыткыч алып келип, кийин кайра алып кеткенин билдирген.

Видеонун автору телеканалдардын биринин кабарчылары бардык жашоочуларга жылыткыч таратылып жатканын көрсөткүсү келишкенин айтат.

Экибастуз тургундарына жылыткыч таратылып жатканы тууралуу сюжет “Евразия биринчи каналынын” эфиринен чыккан. Сюжетте тургундарга “Аманат” партиясынын алдындагы “Жаштар руху” ыктыярчылары көмөктөшкөнү, жүздөн ашуун ыктыярчы шаар тургундарына жылыткыч таратканы айтылган.

Экибастуз жашоочусу жылыткыч таратылганы тартылган үй азыркыга чейин жылуулуксуз жана суусуз отурганын айткан.

Кийинчерээк “Евразия биринчи каналы” telegram-каналында журналисттери Экибастуздагы жылыткычтар боюнча видеого тиешеси жок экенин кабарлады. Телеканал окуя болгон жерде башка сюжет тартылганын билдирүүдө.

"Соцтармактарда тараган видео түшүрүлгөн кезде телеканалдын чыгармачыл тобу ал жерден кетип калган", деди телеканалдын басма сөз кызматы.

Казакстандык Arbat.Media басылмасы “Евразия биринчи каналы” кийинчерээк ошол үйдөн экинчи сюжет жарыялаганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, телеканалдын кабарчылары “Аманат” партиясынын ыктыярчылары жылыткычтарды таратып жүргөнүн чагылдырышкан. Эки сюжетте тең телеканалдын кабарчылары менен партиянын кызматкерлери чогуу жүргөнү байкалган.

“Азаттыктын” казак кызматы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн “Аманат” партиясына кайрылды. Партия жылыткычтарды көп кабаттуу үйгө алып киришип, кайра алып кетишкенин четке какты.

"29-ноябрда “Жаштар рухунун” ыктыярчылары жылыткычты Машхур Жусуп көчөсүндөгү №58 үйгө алып барган. Ыктыярчылар келген кезде тургун үйүндө болгон эмес. Буга байланыштуу ыктыярчылар тобу жардам сураган башка үйлөргө жөнөшкөн. Башкача айтканда жылыткыч муктаж болгон кийинки үйгө берилген”, деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

“Аманат” партиясы ыктыярчылар Экибастузда 1700 жылыткыч таратылганын да кошумчалады.

Экибастуз шаарында 27-ноябрга караган түнү жергиликтүү жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) экран куурларындагы аварияга байланыштуу № 11 от казан ишин токтотуп, андан соң дагы үч агрегат иштен чыккан. Жыйынтыгында 30 градустук суукта ондогон көп кабаттуу жана жеке үйлөр, социалдык мекемелер жылуулуксуз калган.

Видео

XS
SM
MD
LG