Ссылки доступа

Тажикстандын экс-вице-президенти Нарзулло Дустовдун сөөгү Ташкентте жерге берилди


Ташкенттеги көрүстөн. Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын экс-вице-президенти Нарзулло Дустов 82 жашында узакка созулган оорудан улам Ташкентте каза болду. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу "Тажикстан социалисттик партиясынын" мурдагы төрагасы Мирхусайн Назриевге шилтеме кылып кабарлады.

Анын айтымында, Дустов быйыл 1-ноябрда эле рак оорусунан каза болуп, сөөгү Ташкенттеги көрүстөндөрдүн бирине коюлган. Бирок бул жөнүндө эми гана белгилүү болууда.

Нарзулло Дустов 1998-жылдан бери Өзбекстанда жашап келген. Тажикстанда ага каршы "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Дустов 1991-жылдын декабрынан 1992-жылдын май айына чейин Тажикстандын вице-президенти кызматында иштеп, оппозициянын басымынан улам иштен кеткен. 1994-жылы майда Душанбе шаарында саясатчыга кол салуу болуп, ал жаракат алган.

Буга чейин Хатлон облустук прокуратурасынын тергөөчүсү Бахром Шомиров "Озоди" радиосуна маек берип, 1998-жылы 3-ноябрга караган түнү полковник Махмуд Худойбердиев менен экс-вице-президент Нарзулло Дустовдун отряддары Хожент жана Чкаловск шаарларына чабуул жасап, жергиликтүү аэропортту, облустук ички иштер башкармалыгын, коопсуздук кызматынын бөлүмүн жана башка бир нече объектини басып алышканын айткан. Өкмөттүк күчтөр менен болгон салгылашуу 8-ноябрга чейин уланып, Худойбердиев менен Дустовдун отряды чегинген.

Анда атышууларда жүздөн ашык киши өлгөнү кабарланган. Махмуд Худойбердиев менен Нарзулло Дустов Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкен. Кийинчерээк Тажикстанда Худойбердиевдин жүзгө жакын тарапташы соттолуп, айрымдары өлүм бою эркинен ажыратылган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Худойбердиев менен Дустовду өткөрүп берүү өтүнүчү менен Өзбекстанга бир нече жолу кайрылган. Бирок расмий Ташкент ал кайрылууларды жоопсуз калтырып келген.

Бүгүнкү күндө Махмуд Худойбердиевдин тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Видео

XS
SM
MD
LG