Ссылки доступа

Өзбекстандын материалдык эмес маданий мурастарынын эки элементи ЮНЕСКОнун тизмесине кирди


Жибекчилик жана Кожо Насреддин тууралуу насыят аңгемелерди айтуу салты ЮНЕСКОнун "Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине" кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим ушул күндөрү Мароккодо өтүп жаткан Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 17-сессиясында кабыл алынды.

"Жибекчилик жана токуучулук үчүн жибектин салттуу өндүрүшү" боюнча билдирмени өзбек тарап Азербайжан, Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Түркия менен биргеликте даярдаган. "Кожо Насреддин тууралуу насыят аңгемелерди айтуу салты" боюнча билдирме Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түрмөнстан, Түркия жана Тажикстан менен биргеликте даярдалган.

"Катышуучулар жибекти өстүрүүнүн салттуу технологияларына жана жибекчиликти өнүктүрүү боюнча акыркы жылдары Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурушту", – деп жазылган министрлик таркаткан билдирүүдө.

Муну менен "Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине" кирген Өзбекстандын элементтеринин саны 11ге жетти. Буга чейин бул тизмеге "Бахши", "Лазги", "Палоо", "Аския" (акылмандык өнөр), "Миниатюра", "Навруз", "Шашмаком" (вокалдык-аспаптык мухыканын көп түрдүүлүгү) жана башкалар кирген.

XS
SM
MD
LG