Жеңил кийинип чыккан активисттер "Экибастус – коррупциянын жыйынтыгы" жана "Кечээ шайлоо, бүгүн Экибастуз. Тандообуз ушубу?" деп жазылган плакаттарды кармап турушту.
Алар 7 градус суукта жука кийимчен акцияга чыкканын коомчулуктун көңүлүн кайрадан Экибастуздагы окуяга буруу аракети менен түшүндүрүштү.
"Экибастуздун жетекчилигин иштен алууну талап кылам. Биздин өлкөдө турак жай коммуналдык чарбасы менен жылуулук түйүндөрүндөгү көйгөйлөр чечилиши керек. Адамдар 30 градус суукта тоңуп жатышат. Мен аларга тилектештик билдирип акцияга чыктым", – деди Ермольчева.
"Бул катастрофа. 21-кылымда мындай болбошу керек", – деп кошумчалады Кочнева.
Активисттердин акциясы жарым саатка жакын убакыттан кийин аяктады.
Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынган.
Бийлик Экибастуз шаарындагы жылуулук түйүндөрдүн иштен чыгуусуна "станция кызматкерлеринин катасы себеп болгонун" билдирүүдө. Маалыматка караганда, жумушчулардын катасынан улам дароо бир учурда түйүндөрдөгү басым кескин жогорулап, жылуулук тармагындагы көптөгөн түтүктөр жарылган.
Экибастузда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн. Кыргызстанда коңшу өлкөнүн жарандарына жардам берүү үчүн акча чогултулууда.