"Эль-Кувейт жана Душанбе шаарларынын ортосундагы каттамдар аптасына эки жолудан – бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылып турат. Билет баасы эки тарапка 510 долларды түзөт. Бул багытка кичи ажылыкка барууну каалаган тажик жарандарынын арасында суроо-талап көп болот деп ойлойм. Бирок негизги максат – Кувейттен туристтерди тартуу", – деди элчи.
Анын айтымында, учурда Тажикстан менен Кувейт виза маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Азыр тажикстандыктар Кувейттин туристтик визасын онлайн алса болот. Бирок келечекте визаны жеңилдетилген шартта Эль-Кувейт аэропортунун өзүнөн эле алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү ыктымал", – деп кошумчалады элчи.
Jazeera Airways – мамлекеттик эмес төмөнкү бюджеттүү авиакомпания. Ал негизинен Пакистанга, Индияга, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнө каттамдарды аткарат.