Ссылки доступа

Ташкентте жашоочулар жылуулуктун жоктугуна даттанышууда


Өзбекстанда кыштын биринчи аптасында эле калкты энергия менен камсыздоодо көйгөйлөр көбөйдү. Соцтармактар жылуулуктун жоктугуна даттанган билдирүүлөргө толуп калды.

Ташкенттин жашоочусу шаардагы Нукус көчөсүндөгү 12 кабаттуу беш үйдө үч күндөн бери жылуулук берилбей жатканын кабарлады:

"Үйлөр өтө суук. Батареялар тоңуп калды. "Ташжылуулукэнергонун" жообу бирөө эле – басым жок. Расмий номерлерге чалуу мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кайда кайрылуу керек? Азыр кыштын башталышы гана", – деди Фейсбуктун колдонуучуларынын бири.

5-декабрда Ташкентте автоунааларга газ толтурган станциялар убактылуу жабылган.

"Узгидрометтин" маалыматына караганда, бир апта бою өлкөнүн түндүгүндө 13-15 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG