Ссылки доступа

Алматыда полиция кытай консулдугунун алдында чогулган активисттерди кармады


Алматыда 5-декабрда полиция Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган кеминде төрт активистти кармады.

Активисттер кытай консулдугунан алыс эмес жерде өз талаптарын айтууга аракет кылган маалда кармалган. Соцтармактарда тараган сүрөттөргө караганда полиция аларды консулдуктун имаратына жакындаткан эмес.

Окуя болгон жерге келген акимчиликтин өкүлү акция мыйзамсыз экенин, себеби алдын ала эскертүү болбогонун айтты.

Кытайда камакта отурган туугандарын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына 2021-жылдын февраль айынан бери пикет өткөрүп келишет. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар да болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG