Ссылки доступа

Орусия өмүр бою соттолгон бадахшандык активисттин тууганын Тажикстанга экстрадициялады


Курбонджон Айёмбеков
Курбонджон Айёмбеков

Өмүр бою эркинен ажыратылган мурдагы талаа командири Толиб Айёмбековдун жакын туугандарынын бири Орусиядан Тажикстанга экстрадицияланды.

33 жаштагы Курбонжон Айёмбеков 1-декабрда орус-украин чек арасында кармалган. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Жакындарынын айтымында, Курбонжон Айёмбеков былтыр күздөн бери Орусияда жашап жаткан. Белгилүү командир соттолгондон кийин ал Украина аймагында жашынууга аракет жасаган. Бирок кармалып, Тажикстанга экстрадицияланды.

Ушул тапта Курбонжон Душанбеде, кайсы тергөө абагында экени белгисиз.

22-ноябрда Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулган беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Ошондой эле сегиз киши 10 жылдан 30 жылга чейин кесилген.

Өмүрүнүн аягына чейин камалгандардан арасында автоном аймактын бейформал лидерлери делген Мунаввар Шанбиев менен Толиб Айёмбеков да бар.

Маалыматтарга караганда, камалгандардын баары жапырт башаламандык уюштуруу, мыйзамсыз курал-жабдык сактоо, адам өлтүрүү, бейбаштык, экстремизм жана баалуу таштардын аткезчилигине айыпталган. Алардын жакындары мунун баары негизсиз айыптар экенин айтышууда.

Тоолуу Бадахшанда бир жыл мурда жапырт башаламандык башталып, бийлик күч аны менен баскан. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, интернет өчүрүлгөн. Кийин аймактан чыккан активисттер камалган.

Быйыл жазда бийликтин мындай кадамдарына каршы жергиликтүү тургундар акцияга чыгышкан. Күч түзүмдөрү менен карапайым тургундардын кагылышуусунан 16 кишинин өмүрү кыйылды. Расмий эмес маалыматтарга караганда бул сан 30дан ашат.

XS
SM
MD
LG