“Кызматкерлер августта тотализаторго 45 миллион сум уттуруп жиберишкен. Карыз маселеси чечилген, ал болсо дисциплинардык тартипте жазаланган жана облустук ички иштер башкармалыгынын алдындагы Дисциплинардык көзөмөл алдында болгон”, деп айтылат Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Ага лейтенанттын сөөгү 6-декабрда Чоң Фергана каналынын жээгиндеги жолдо өзүнүн автоунаасынын ичинде табылган. Баштапкы иликтөө учурунда инспектор табелдик пистолети менен башына атканы белгилүү болгон.
Расмий маалымат боюнча 2019-жылы кумар оюндарына байланыштуу административдик мыйзам бузуулардын саны 1 454тү түзгөн, ал эми 2022-жылдын алты айында 2 325 болгон.