Ссылки доступа

Камактагы каракалпакстандык активистке "Казакстандан башпаанек издеген адам" күбөлүгү берилет


Актөбө шаарындагы тергөө абагында камакта отурган 38 жаштагы каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашевага "Казакстандан башпаанек издеген адам" күбөлүгүн берүү чечими кабыл алынды.

5-декабрда кол коюлган күбөлүктүн мөөнөтү 90 күндү түзүп, 2023-жылдын 5-мартына чейин жарактуу болот. Зарыл болгон учурларда анын мөөнөтүн дагы үч айга узартууга мүмкүн.

Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун Актөбө облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Ирина Гольцварттын айтымында, Юлдашевага күбөлүк "жакынкы күндөрү" адвокаты аркылуу берилет.

"Бул документтин негизинде Юлдашевага качкын макамы берилиши мүмкүн. Аны прокуратура, улуттук коопсуздук комитети жана башка тиешелүү мекемелердин кызматкерлеринен турган комиссия чечет", – деп кошумчалады укук коргоочу.

Тлеубике Юлдашева быйыл 13-ноябрда Орусияга чыгып кетер алдында Актөбө облусундагы "Жайсан" көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган. Казак чек арачылары ал эл аралык издөөдө экенин айтып, өлкөдөн чыгарбай коюшкан. 16-ноябрда Актөбө облусундагы Мартук райондук соту аны камакка алуу чечимин кабыл алган.

Юлдашева 2020-жылдын башынан бери Казакстанда туруктуу жашап келген. Укук коргоочулардын айтымында, ал мекенинде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтып, саясий башкалка берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган.

Сентябрь жана октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашап жүргөн төрт каракалпакстандык активист – Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

"Бул жарандардын көбү быйыл июлдун башында Каракалпакстанда болгон окуялардан кийин "Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу" беренеси менен шектелип жатышат", – деп билдирген Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун кызматкери Гүлмира Куатбекова.

Июлдун башында Өзбекстан Конституциясынын жаңы долбоорундагы Каракалпакстандын суверендүү макамын алуу сунушуна байланыштуу Нукус шаарында жана автоном республиканын башка бир нече аймагында жапырт нааразылык акциялар башталып, алар күч менен таркатылган.

Өзбекстандын бийлиги бул окуялар маалында 18 киши өлүп, 243ү жараат алып, 500 адам кармалганын билдирген. Активисттер чынында каза болгондор кыйла көп болгонун, Нукус шаарынын өзүндө эле эки күндүн ичинде 300дөн ашык киши өлтүрүлүп, миңден ашыгы жарадар болуп, он миңдеген адам кармалганын айтышкан.

Нааразылык акциялардан кийин Өзбекстандын парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөрүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү Ташкентти адилеттүү тергөө жүргүзүүгө жана тынч акция катышуучуларына карата зомбулук көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырышкан.

Өткөн айдын соңунда Бухарада Нукус шаарындагы окуялар боюнча сот отурумдары башталып, 22 айыпталуучуга жалпысынан 11 берене боюнча айыптар тагылганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG