Ссылки доступа

Алматы: Кытай консулдугунун алдында кармалган активисттерге айып пул салынды


Дүйшөмбү күнү Кытайдын Алматыдагы консулдугуна жакын жерде кармалган активисттерге айып пул салынды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Акикат Халиолла 153 миң теңге, Нурзат Ермекбай 92 миң теңге жана Халида Акытхан 61 миң теңге өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Мындан тышкары дагы бир активист Шынадиль Жанбырбайга административдик эскертүү берилди.

Төрт активист тең 5-декабрда кытай консулдугуна жакын жерге чогулуп, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы туугандарын бошотууну талап кыла баштаганда кармалган. Полиция алардын акциясы мыйзамсыз экенин билдирип, активсттерге карата административдик укук бузуу тууралуу протоколдорду түзгөн.

Кытайда камакта отурган туугандарын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына 2021-жылдын февраль айынан бери пикет өткөрүп келишет. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган учурлар да болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG