Ссылки доступа

Тажикстанда оппозиционердин инисине үйлөнүү той өткөрүүгө уруксат берилген жок


Бехруз Тагойзода
Бехруз Тагойзода

Тажикстанда оппозициялык блогер Бехруз Тагойзоданын инисине үйлөнүү той өткөрүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна Тагойзода өзү билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси инисинин үйлөнүү тоюн 11-декабрда өткөрүүнү пландаган. Бирок Рудаки райондук акимчилигинин алдындагы Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комиссиясы УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнүн буйругуна таянып, той өткөрүүгө уруксат берген эмес.

"Аларга мен өкүнүчүмдү билдирип, Ютубдагы "Эл үнү" аттуу программамды токтоткондон кийин гана уруксат берилерин ачык эле айтышкан. Мен муну мыйзамга каршы келет деп эсептейм", – деди Тагойзода.

Ал ата-энеси УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө суракка да чакырылганын, бирок белгисиз себептерден улам аларды кайра кабыл албай коюшканын кошумчалады.

Бийлик өкүлдөрү азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Бехруз Тагойзода чет өлкөдө жашап, Ютубда "Эл үнү" аттуу берүүсү аркылуу тажик бийлигин сындап келет. Мекенинде ага "Экстремизм" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мүчөсү.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары Душанбени бир нече жолу четте жашаган оппозициячылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата басымды токтотууга чакырышкан. Алар Европа биримдигине кайрылып, адам укуктарын одоно бузууга тиешеси бар тажик аткаминерлерине санкция салууга да үндөшкөн.

Өз кезегинде тажик бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, өз аракетин "экстремизмге каршы күрөш" деп атап келет.

XS
SM
MD
LG