Ссылки доступа

Казак мунайын жүктөгөн танкерлер Түркиянын аймагынан өтө албай турушат


Кара деңиздин Түркияга тиешелүү аймагында Казакстандын мунайын жүктөгөн танкерлердин кезеги жаралды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар кабарлады.

5-декабрда Европа Биримдигинин (ЕБ) орус мунайын деңиз жолдору аркылуу сатып алууга жана анын баасына карата киргизген чектөөсү иштей баштаган. Ага чейин ЕБ менен АКШ орус мунайынын бир баррели 60 доллар болот деп макулдашкан. Буга байланыштуу Анкара бардык жүк ташуучу кемелерден мунайдын камсыздандырылганы жөнүндө документ талап кыла баштап, деңиз кысыгында узун кезек пайда болгон.

Financial Times гезити деңиз брокерлерине шилтеме кылып, Түркия жээгинде кезек күтүп турган кемелердин көбү Казакстандын мунайын жүктөп баратканын жазды. Казакстандын мунайы батыштын санкциясына илинген эмес.

Bloomberg агенттиги билдиргендей, бери дегенде эле 20 кеме бир нече күндөн бери деңиз кысыгынан өтө албай турат. Бул танкерлерде 18 миллион баррель мунай бар. "Алардын бирөөнөн башкасында Казакстандын жүгү бар", - деп жазды агенттик.

Маалыматка караганда, мунайдын басымдуу бөлүгү Европага багытталган. Түркия өкмөтү жүк ташуучулардан камсыздандыруу компанияларынын катын талап кылууда. Мындай кадам Евробиримдик Орусия мунайына эмбарго киргизгенден кийин жасалууда.

Казак бийлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Евробиримдик, "Чоң жетиге" мүчө өлкөлөр жана Австралия Орусиянын танкер менен ташылган мунайынын баррелин 60 доллардан ашырбоого макулдашкан. 5-декабрдан баштап Евробиримдик, Улуу Британия, АКШ, Канада, Жапония жана Австралия орус мунайын 60 доллардан же андан төмөн баага алгандарга гана кызмат көрсөтө баштаган. Муну менен алар Кремлдин согушка жумшап жаткан каражатын чектегилери келет.

XS
SM
MD
LG