Өндүрүштүн биринчи этабы үчүн 20 миллион доллар бөлүндү, долбоордун жалпы наркы 40 миллион долларды түзөт. Жыл сайын ишкана 1 миллион даана даяр продукция чыгарып, экспорттун көлөмү 15 миллион долларга жетет деп болжолдонууда.
Жабдуулар Германиядан жана Түркиядан алынып келинди. Ушул тапта фабрикада бир жарым миң адам иштеп жатат. Ишкана толук кандуу ишин баштаганда алардын саны үч миңден ашары күтүлүүдө.
Наманган акимчилиги беш жыл мурун эле облуста бир учурда 500 киши иштеген тигүү ишканасы болбогонун белгилейт. Бүгүнкү күндө аймакта ар биринде 1000ден ашуун киши иштеген 20дай фабрика бар. Бул жерде Waikiki (Түркия), Baldessarini (Германия), ZARA (Испания) менен кызматташуунун негизинде текстиль өнүмдөрү өндүрүлөт.