Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ 17 чакырым тилке боюнча макулдашты


1-6-декабрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу өттү. Анда жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашканы кыргыз өкмөтү тараткан маалыматта айтылат.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев "Азаттыкка" билдиргендей, тараптар макулдашкан жерлер дээрлик Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагы боюнча да сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу 2023-жылдын башында Тажикстанда өтөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма деген жери көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөз айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

Жараат алган жергиликтүү тургун ооруканада алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыкканы, абалы туруктуу экени кабарланган.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. “Азаттыктын” тажик кызматы (“Озоди” радиосу) окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, "кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын", айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырым. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар болгон.

XS
SM
MD
LG