Ссылки доступа

Өзбекстандын үй чарбасында эки миң жыл мурунку казан табылды


Самарканд облусунун Пайарык районунда биздин доорго чейинки II-I кылымдагы сак урууларына таандык коло казан табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданий мурастар агенттиги билдирди.

Казанды 1993-жылы, ошол маалда мектеп директору болгон Пайарык районунун Мухаммади айлынын жашоочусу тапканы белгилүү болду.

Ал казанды Карачи тоосундагы дөңсөөнү казып жатып таап алган. Бул буюмдун археологиялык баркын билбегендиктен, аны үй чарбасында колдонуп жүргөн. Казандын бийиктиги – 37 см, диаметри – 52 см.

Агенттиктин маалыматына караганда, бул аймактарда мурда да коло жана жез казандар табылып келген.

Пайарык аймагында таш дооруна таандык буюмдар жана сүрөттөр кездешип калат. Коло казанды болсо скиф элдеринин тобуна кирген иран тилдүү жарым көчмөн сактар жасаганы болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG