Бул тууралуу “Озоди” радиосу Сино Ниёзовдун туугандарынын бирине шилтеме берүү менен билдирди.
Соттун чечими 7-декабрда чыкты. Телеканалдын башчысынын милдетин аткаруучу Сухроб Ниёзов соттун өкүмүнөн кийин банкка 100 миң сомони (10 мин доллар) төлөнгөнүн кабарлады.
Сино Ниёзовго карата “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бийликчил “Авангард” жаштар уюмунун мурдагы активисти Бехзод Мухаммади 9-сентябрда Сино Ниёзов үч шериги менен аны сабап, кийимине сийип кетишкени боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган.
Сино Ниёзовдун адвокаты ал айыптоолорду четке какканын, бирок Пенжикенттеги ресторандардын биринде бий учурунда Бехзода Мухаммадини кокустан түрүп жебергенин мойнуна алганын айтат.