Ал Казак радиосунда, “Казахстанская правда”, “Аргументы и Факты — Казахстан” гезиттеринде иштеген. Казакстан журналисттер биримдигинин башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болгон.
“Адил сөз” фондунун жаңы президенти болуп казакстандык медиаэксперт Карлыгаш Жаманкулова дайындалды. Калеева Фейсбуктагы баракчасына: “Сөз эркиндигине тиешелүү бардык маселелерди эми “Адил-сөздүн” жаңы президенти Карлыгаш Жаманкуловага жолдоңуздар”, - деп жазды.
Жаманкулова мурда Евробиримиктин Казакстандагы өкүлчүлүгүндө басма сөз катчы болуп иштеген.