Ссылки доступа

Мирзиёев алгачкы жолу 400дөн ашуун кишиге мунапыс жарыялады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгынын урматына 402 кишиге ырайым берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мирзиёев өз жарлыгы менен 17 чет өлкөлүккө, 63 аялга, жашы 60тан жогору 26 эркекке жана тыюу салынган уюмдардын ишине катышы бар 19 кишиге мунапыс берди.

Мунапыс алгандардын 128и жазадан толугу менен бошотулса, 201и шарттуу түрдө эркиндиккке чыкты, дагы 15 жарандын жазасы жумшартылды.

402 кишинин ичинен 223ү түрмөдөн чыгат, 121и пробация органдарынын каттоосунан алынат, 58инин камактагы мөөнөтү кыскартылат.

Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу 400дөн ашуун адамга ырайым берилип, оңолуу жолуна түшкөнүн айтты.

XS
SM
MD
LG