Ссылки доступа

Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылды


Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылганын билдирди.

Ага ылайык, коңшу мамлекеттин башчысы Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин келет. Мындай чечим эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

"Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет",-деп айтылат маалыматта.

9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Жыйында биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Буга чейин президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары аталган жыйындан кийин, 10-декабрда башталарын билдирген. Анда өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланып, эки тараптуу документтерге дагы кол коюшу мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле кыргыз-өзбек бизнес-форуму да өткөрүү пландалып жаткан.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга 29-ноябрда кол койгон.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев эки мыйзамга кол койгонун 30-ноябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG