Ссылки доступа

Тажикстан быйыл коңшуларына 101 миллион долларга электр энергиясын экспорттоду


Тажикстан 2022-жылдын он айында коңшу өлкөлөргө 101 миллион долларга электр энергиясын экспорттоду. Бул өткөн жылдын январынан октябрына чейинки көрсөткүчтөн 10% көп.

Тажикстандын статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2021-жылдын тогуз айында өлкө коңшуларына 91,3 миллион долларга электр энергиясын саткан.

Бүгүнкү күндө Тажикстандын аймактарында электр жарыгын колдонууга чектөөлөр киргизилген. Акыркы апталарда айрым аймактарда электр энергиясын берүү суткасына беш саатка чейин кыскартылды. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар меш жана көмүр сатып алууга өтүштү.

12-октябрда мамлекеттик "Барки точик" энергохолдинги өлкөдө электр жарыгын колдонууга чектөө киргизилгенин ырастаган. Ошол эле маалда мекеме бул аргасыздан көрүлүп жаткан чара экенин белгилеген.

Тажикстан ортодо түзүлгөн келишимдерге ылайык Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттойт. Бийлик күз-кыш мезгилдеринде чет өлкөлөргө электр жеткирүү көлөмү кыскартыларын билдирген. "Барки точиктин" маалыматына караганда, 2022-жылы Ооганстанга жайкысын суткасына 400 МВт, күз-кыш мезгилинде 40 МВт электр энергиясы сатылууда.

Тажикстан Ооганстандын жаңы жетекчилигинин саясатын сындап жатканы менен бул өлкөгө электр энергиясын жеткирүүнү токтоткон жок. Тажик бийлиги мындай чечими "социалдык мүнөзгө ээ экенин" айтып келет.

XS
SM
MD
LG