"2011-жылдагы келишимге ылайык, Өзбекстандын "Согдиана Транс" компаниясы Хайратон шаарына жакын 22 чакырым жолду тейлөө үчүн жылына 15 млн доллар алып турган. Казакстандык Mansour Fatih компаниясы 106 чакырым жолду 4,1 млн долларга тейлейт", – деп билдирген келишимге кол койгону айтылган "Ооган темир жолдорунун" башчысынын милдетин аткаруучу Бахт Рахман Шарафат.
Mansour Fatih компаниясынын өкүлү Бисенбай Маханов алар тендерден утуп алышканын, эми бул багытта иштей турган кызматкерлердин саны суроо-талапка жараша көбөйтүлөрүн айткан.
Өз кезегинде "Өзбекстан темир жолдору" 5-6-декабрь күндөрү Хайратон –Мазари-Шариф темир жол тилкесин 2023-жылы пайдалануу боюнча Ооганстандын темир жолдор администрациясы менен сүйлөшүүлөр өткөнүн билдирди.
"Анын жыйынтыгында учурдагы келишимдин мөөнөтүн узартуу жана Ооганстандын аймагындагы темир жолду тейлөө үчүн бул өлкөдөн жергиликтүү техникалык персоналды тартуу боюнча жол картасын даярдоо тууралуу макулдашууга жетиштик", – деп жазылган билдирүүдө.
"Өзбекстан темир жолдору" 2010-жылы ноябрда долбоордук баасы 129 миллион долларды түзгөн бул 75 чакырымдык тилкенин курулушу аяктагынын билдирген.
2011-жылы декабрда Хайратон –Мазари-Шариф темир жолун башкаруу жана оңдоп туруу үчүн "Өзбекстан темир жолдору" "Согдиана Транс" аттуу туундуу компания түзгөн.