Ссылки доступа

БУУнун атайын баяндамачысынан Душанбе жана Вахдат шаарларындагы абактарга барууну өтүнүштү


БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор

"Бузургмехр" фонду Душанбеде расмий сапары менен жүргөн БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолорду Душанбе жана Вахдат шаарларындагы түрмөгө барып, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусусуз андагы саясий туткундар жана алардын жакындары менен жолугууга чакырды.

Тажик саясий туткундарынын Польшадагы жакындары түзгөн "Бузургмехр" фондунун Лолорго жолдогон каты 6-декабрда өзүнүн расмий сайтына жарыяланды.

"Ушундай эле жол менен адвокатура жана башка жарандык коом институттарынын өкүлдөрү менен жолугууга чакырабыз. Анткени бийлик тарап берип жаткан маалыматтар жалган жана аларды текшерүүгө мүмкүн эмес", – деп жазылган кайрылууда.

Тажикстандын бийлиги өлкө абактарында бир да саясий туткун жок экенин, камактагылардын баары кылган кылмыштары үчүн соттолгонун билдирип келет. Бирок бийликтин сынчылары Тажикстанда башкача көз карашы үчүн жүздөгөн оппозиционерлер, адвокаттар жана журналисттер соттолгонун, акыркы он жылдыкта саясий негиздер менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу учурлары кыйла көбөйгөнүн айтууда.

"Бүгүнкү Тажикстан – бул коомдун бардык тармагы бийликтин катаал көзөмөлүндө турган авторитардык башкаруу режими. Өлкөдө жарандын кызыкчылыгын мамлекеттин кол салуусунан коргой ала турган чыныгы жарандык коом дээрлик жок", – деп жазылган катта.

"Бузургмехр" БУУнун баяндамачысынан саясий негиздер менен соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровго өзгөчө көңүл бурууну өтүнгөн. Бийлик жакында эле аны Вахдат түрмөсүнөн Душанбедеги шарты катаал абакка которгон. "Бийлик аны жана башка бир нече саясий туткунду өлкө абактарында козголоң уштурууга даярдык көргөн деп айыптагысы келип жатат. Азыр опузалоо, кыйноого алуу жана шантаж кылуу сыяктуу ыкмалар менен Вахдат түрмөсүндөгү адамдардан керектүү көрсөтмөлөр алынып жатат",– деп жазган фонддун өкүлдөрү.

Мэри Лолор Тажикстанга келердин алдында бул өлкөдөгү укук коргоочуларды коргоо боюнча пландалган чаралар менен мыйзамдарды, бейөкмөт уюмдарды каттоо жана башкаруу үчүн түзүлгөн чөйрөнү, сөз эркиндигин, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигин жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн изилдеп чыгууну каалап жатканын айткан.

Лолор Тажикстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча өз корутундусу менен сунуштарын БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине 2024-жылы мартта тапшырат.

Быйыл Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон окуяларга байланыштуу Тажикстанда бери дегенде эле жети блогер жана журналист камакка алынды. Алардын төртөөнө карата сот өкүмдөрү чыгып, түрдүү мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылды. Мындан тышкары Душанбеде бадахшандык белгилүү укук коргоочулардын үстүнөн сот отурумдары уланууда. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, прокуратура юрист Фаромуз Иргашевге 30 жыл, Памирдин Юристтер ассоциациясынын башчысы Манучехр Холикназаровго 18 жыл жаза берүүнү өтүнгөнүн кабарлаган.

Видео

XS
SM
MD
LG