Ссылки доступа

Өзбекстанда завод жумушчулары газдын жоктугунан улам митинг өткөрүштү (видео)


Фергана облусундагы гипс чыгарган заводдун жумушчулары газдын жоктугунан улам митинг өткөрүштү. Мурдараак заводго газ берүү токтотулган. Бир нече жумушчу "майда бейбаштык" жана "митинг өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен 10 суткага камалды.

Фергана облустук акимчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул окуядан кийин соцтармактарда заводдун жүздөгөн кызматкери жумушсуз калары тууралуу маалымат тарады.

29-ноябрда Фергана облусунда бийлик көгүлтүр отунду калктын керектөөлөрү үчүн жумшоо максатында гипс чыгарган заводду газдан ажыраткан.

Өзбекстанда газ тартыштыгынан автоунаалар дизелге өтүп жатканы айтылган. Үйлөрү жылыбаган жашоочулар бийликтин көңүлүн буруу үчүн көчөлөргө чыгып, газ менен иштеген ишканалар ишин токтотууга аргасыз болууда.

XS
SM
MD
LG