Ссылки доступа

Казакстанга качкан орусиялык майор мекенине депортацияланышы мүмкүн


Астана Орусияда мобилизация башталгандан кийин Казакстанга качып келген орус аскер кызматкерине качкын макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Украинага кол салууга каршы чыккан 36 жаштагы майор Жилин "аны согушка алып кетиши мүмкүн экени белгилүү болгондон кийин" сентябрда казак-орус чек арасынан өткөн.

Агенттиктин маалыматына караганда, ал чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, соттолгон. Сот аны алты айга шарттуу кесип, Орусияга депортация кылуу чечимин кабыл алган. Андан соң Казакстандын бийлиги анын качкын макамын берүү өтүнүчүн четке каккан. Депортациядан качып Жилин Канаданын Астанадагы консулдугунун кабылдамасына жазылууга аракет кылган. Ал ою ишке ашпай калгандан кийин Арменияга учуп кетүүгө аракет кылган маалда аэропортто кармалган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат берген жок. Жилиндин адвокаты журналисттерге телефон аркылуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Жилиндин жубайы Екатеринанын айтымында, күйөөсү "орус жетекчилигинин Украинага карата саясатына" макул болгон эмес жана аскердик кызматтан бошотулгандан кийин да "жашыруун маалыматы бар адам катары" өлкөдөн мыйзамдуу түрдө чыга алмак эмес.

Екатерина журналисттерге күйөөсү орус мыйзамдарын бузду деген шек менен кармалганы тууралуу полициянын күбөлүгүн да көрсөткөн. Документте Орусиянын Кылмыш кодексинин "Аскерден качуу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери жазылган. Reuters агенттиги Екатерина Казакстанга эки баласы менен мыйзамдуу түрдө киргенин белгилеген.

Журналист Евгения Балтатарова өзүнүн telegram-каналына жазгандай, кеп Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) 36 жаштагы майору жөнүндө болууда. Анын айтымында, Жилинге качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечими ноябрдын аягында кабыл алынган. Азыр ал Астанадагы изолятордо камакта. Адвокаттар бул чечим боюнча даттанууга аракет кылууда.

Октябрда орусиялык Forbes басылмасы Орусияда мобилизация жарыялангандан кийинки эки жуманын ичинде өлкөдөн болжол менен 700 миң киши чыгып кеткенин, алардын 200 миңи Казакстандын аймагына киргенин жазган.

Сентябрда Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов эгер мекенинде мобилизациядан качканы үчүн издөө жарыяланган орусиялыктар болсо, алар орус бийлигине өткөрүлүп берилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG