Ссылки доступа

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат


Бишкекте 9-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда.

Президент Садыр Жапаров башында сөз сүйлөп, бул жыйын каржылык-экономикалык маселелердин маалына, пандемиядан кийинки каатчылыкка туш келгенин белгиледи.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономикасы чоң басымга кабылганы байкалып турат. Ушундай татаал шартта мамлекеттин башчылары катары бири-бирибизге пайдалуу шартта соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн бизден көз каранды болгон бардык аракеттерди көрүшүбүз керек",-деди Садыр Жапаров.

Ушул тушта жыйын жабык, прессанын өкүлдөрүнүн катышуусуз өтүп жатат.

Буга чейин жыйында учурдагы экономикалык абал, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелери талкууланат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG