Ссылки доступа

Тажикстанда бир апта ичинде бадахшандык 4 активист соттолду


Тажикстандын Жогорку соту бир апта ичинде бадахшандык төрт активистти узак мөөнткө түрмөгө кести.

“Озоди” радиосунун өз булактары жарандык активисттер Улфатхоним Мамадшоева, Хурсанд Мамадшоев, Фаромуз Иргашев жана Хушруз Жумаевге өкүм чыкканын кабарлашты.

Тажикстандын Жогорку соту башаламандык уюштурууга айыпталган журналист жана активист Улфатхоним Мамадшоеваны 21 жылга абакка кести. Өткөн аптанын башында чыккан өкүм 9-декабрда гана белгилүү болду. Жогорку сот бул тууралуу комментарий берген жок.

65 жаштагы Улфатхоним Мамадшоева көз карандысыз журналист болуп иштеген, ошондой эле “Мыйзам жана намыс” коомдук уюмун жетектеген. Активистке карата Кылмыш кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” деген айып да тагылган. Тажикстан бийлиги Хорогдогу Мамадбокир Мамадбокиров, Холбаш Холбашов, Улфатхоним Мамадшоева жана Европага качып кеткен Алим Шерзамонов Хорог жана Рушанда май айында болгон башаламандыктарды уюштурган деп эсептейт.

Улфатхоним Мамадшоеванын агасы Хурсанд Мамадшоев 18 жылга эркинен ажыратылды. Сот отуруму жабык режимде өткөн, өкүмдү угузарда туугандары чакырылган эмес.

2020-жылы Тажикстандагы президенттик шайлоодо каттоодон өтпөгөн талапкер жана юрист Фаромуз Иргашев 30 жылга соттолду. Тажикстанда түрмөгө 30 жыл кесүү – өмүр бою эркинен ажыратуудан кийин эле эң оор жаза.

Аларга удаалаш жарандык активист Хушруз Жумаев 8 жылга эркинен ажыратылды. Ал ноябрь айында Хорогдо болгон нааразылыктардан кийин укук коргоо органдары менен бирге Гүлбиддин Зиёбековдун өлүмүн иликтеген “Комиссия 44түн” мүчөлөрүнө жардам берип жүргөн. Хушруз Жумаев уруксат берилбеген митингди уюуштурууга жана конституицялык түзүмдүк күч менен өзгөртүүгө чакырууга айыпталган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда тажик бийлиги "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды.

XS
SM
MD
LG