Ссылки доступа

Франция соту саясий башпаанектен ажыратууга каршы Аблязовдун берген доо арызын четке какты


Франция соту казакстандык оппозиционер жана мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун саясий башпаанектен ажыратуу жөнүндө чечимге каршы берген доо арынын четке какты.

Аблязов соцтармактар аркылуу чечим мыйзамсыз экенин, мындан ары күрөшүүнү уланта турганын айтты. Анын айтымында, чечимди даттанууга мүмкүндүгү бар жана бул укугунан пайдаланат.

Аблязов соттун бул чечими “Казакстандын ыраатуу жана күчтүү басымынын” жыйынтыгы болгонун билдирди.

Өткөн айдын соңунда франциялык Le Figaro гезити Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Франция президенти Эммануэль Макрон менен Францияда турган казакстандык банкир Мухтар Аблязовдун айланасындагы жагдайды талкуулай турганын жазган. Кийинчерээк Казакстандын тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке каккан.

2020-жылы сентябрда Франция Аблязовго саясий башпаанек берген. Буга чейин Париж Аблязовду Орусия, Казакстан жана Украинага (Киев да Аблязовду алдамчылыкка айыптап келет) экстрадициялоодон баш тарткан.

БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, "Казакстандын демократиялык тандоосу" оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. 2018-жылы Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы "Туран Алем" банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, экс-банкир Аблязовду өмүр бою сыртынан кескен. Ошондой эле Аблязов "Мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кылмыштуу топту уюштуруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Аблязов бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт.

Аблязов акыркы жылдары Францияда жашап, соцтармактар аркылуу бийликти тынч жол менен алмаштыруу жана демократиялык реформаларды жасоо ниетин билдирип келет.

Видео

XS
SM
MD
LG