Ссылки доступа

Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты


Бишкекте 11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты.

Бул тууралуу дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы маалымдады.

Башкалаада абанын сапаты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун белгиленген нормасынан 47,7 эсеге булганыч болууда. Мындай аба адамзаттын ден соолугуна олуттуу терс таасир этерин адистер белгилеп жатышат.

Бишкектен тышкары Ош шаарындагы ыштын көрсөткүчү 171, Жалал-Абадда 152, Таласта 146 деп белгиленген.

Буга чейин Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.

Анда Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы - көмүргө байланыштуу экени көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG