Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджет кызматкерлери суукта пахта терүүдө


Дашөгүз жана Лебап облусунда жергиликтүү бийлик бюджет кызматкерлерин пахта теримге катышууга жана жалданма жумушчулардын акысын өз эсептеринен төлөөгө мажбурлоону улантууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары жана жергиликтүү булактар билдиргендей, аймакта суук болуп жатканына карбастан мамлекеттик мекемеде иштеген ар бир төртүнчү кызматкер пахта теримге түздөн-түз катышууга аргасыз болууда. Айыл чарба жумуштарына мажбурлоо дем алыш күндөрү да улантылууда.

"Жумуш күндөрү 20 кишинин бешөөнү кезек менен жөнөтүшөт. Түнкү нөөмөттө иштеген жумушчулар да иштен кийин пахта талаасына жиберилет. Дем алыш күндөрү пахта теримге бюджет кызматкерлери жапырт чыгарылууда", - деди Дашөгүздөгү өз булактар.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 5-декабрда облус башчылары катышкан жыйында пахта түшүмүн "талаада акыркы саманы калганча" чогултууну буюрган.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Дашөгүз облусунда абанын температурасы күндүз -4, түнкүсүн -15 градуска чейин төмөндөп жатат. Лебапта күндүз 2 градус, түнкүсүн -10 градус суук болууда.

XS
SM
MD
LG