Мекеменин маалыматына караганда, алардын 63,5% Өзбекстандан, 9,9% Орусиядан, 9,1% Түркмөнстандан, 8,6% Кытайдан, 4,9% Монголиядан жана 4% башка өлкөлөрдөн келген.
Кандаш макамын алгандар негизинен Алматы (27,1%) Маңгыстау (17,7%), Түркстан (8,3%) жана Жамбыл (6,1%) облустарына, ошондой эле Астана (9,1%), Чымкент (6,6%) жана Алматы (5,5%) шаарларына отурукташты.
Чет өлкөлөрдөн келген этникалык казактардын 59,4% ишке жарамдуу курактагы адамдар түзөт. Алардын 20% жогорку, 39,4% атайын орто жана 38,9% жалпы орто билимге ээ. Тарыхый мекенине кайтып келгендердин 26,9% жаштар түзсө, 13,7% пенсия курагындагылар.