Ссылки доступа

Тажик спортчусу Орусияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды


Тажик спортчусу Мижгона Самадова Орусияда өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утуп алды.

Мелдештер 5-10-декабрь аралыгында Социалисттик Эмгектин Баатыры Фарман Салмановдун урматына Орусиянын Белоярский шаарында өттү. Ага Азербайжан, Египет, Конго, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстандын спортчулары катышты. Мелдеш эркектер арасында 13 салмак категориясында жана аялдар арасында 6 салмак категориясында өттү.

57 килорамм салмактагы Мижгона Самадова беларус жана орус атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Финалда ал Орусиялык Евгения Лочканованы жеңип, алтын медаль алды. Мижгона былтыр да Дүйнө кубогунда алтын медаль утуп алган.

XS
SM
MD
LG