“Былтыркы кышта бул кезде суткасына калкыбыз 55 млн. кВт/саат электр энергиясын алып жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн. кВт/саат болууда. Былтыркыга салыштырганда 15 млн. кВт/саатка көп”,-деди Талайбек Байгазиев.
Ал ошондой эле кечкисин электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көлөмү бул күндөрү 3,3 миң мегаватт болуп жатканын, былтыр ушул маалда 3 миңге жетпеген деңгээлде болгонун кошумчалады.
Анын айтымында, Токтогул ГЭСи кадимки тартипте иштеп жатат, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,1 млрд. куб метр болууда, бул былтыркыдан 1,4 млрд. кубга жогору.