Ссылки доступа

Өзбекстандын банкы алгачкы жолу чет өлкөлүк компанияга сатылды


Өзбекстандагы "Ипотека-банктын" мамлекеттик үлүшү алгачкы жолу чет өлкөлүк компанияга сатылды. Бул тууралуу "Дарье" басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган банктын мамлекеттик үлүшүн венгриялык OTP Bank'ка сатуу тууралуу келишимге 12-декабрда Ташкентте кол коюлду.

"Венгриялык OTP банктын Өзбекстанга келиши өлкөдөгү санариптештирүүнүн жана банк кызматтарынын сапатын жогорулатат деп эсептейбиз. Мындан тышкары бул келишим эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө да түрткү болот. Алгачкы жолу чет өлкөлүк банк Өзбекстандын банкын сатып алууда", – деди Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары Жамшид Хожаев.

Өз кезегинде OTP Bank башкармалыгынын төрагасы Шандор Чаньи алардын узак мөөнөттүү максаты – "OTP Group'ту Өзбекстандын банк тармагынын негизги катышуучусуна айландыруу" экенин билдирди.

Азырынча "Ипотека-банктын" мамлекеттик үлүшү Венгрияга канча суммага сатылганы белгисиз. Бул боюнча маалымат кийинчерээк берилери кабарланды.

Өзбекстандагы эң ири беш банктын катарына кирген "Ипотека-банктын" рыноктогу үлүшү 8,5% түзүп, 1,6 миллиондон ашык кардарды тейлейт.

XS
SM
MD
LG