Ссылки доступа

Казакстандын энергетика министри: Орусия жана Өзбекстан менен "газ биримдигин" түзүү жөнүндө сөз жок


Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкө газ маселеси боюнча Орусия жана Өзбекстан менен тыгыз кызматташып жатканын, бирок "газ биримдигин" түзүүнү талкуулабаганын билдирди. Бул тууралуу ал Atameken Business телеканалынын эфиринде айтты.

"Газ биримдиги боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз – өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагын газдаштыруу маселесин чечүү үчүн Орусияга көп барарымды билесиздер. Өзбекстан менен да мамилебиз бар, анткени биз "Азия газ кууру" жана "Бухара-Ташкент-Бишкек-Алматы" газ куурунун системасындабыз. Өзбекстандын газ боюнча Орусия менен өзүнүн мамилеси бар жана аны чечип жатышат. Айрым учурларда үч өлкө чогулуп талкуулашы керек болгон маселелер жаралат. Бирок ал газ биримдигин түзүү керек дегенди билдирбейт", – деди Акчулаков.

Ноябрдын аягында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Москвага барган. Анда Орусия Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда "газ биримдигин" түзүүгө кызыкдар экени айтылган.

Өзбекстан саясий шарттар менен газ алмашууга барбай турганын белгилеп, Орусия менен газ боюнча коммерциялык келишим түзүүгө даяр экенин, бирок ал биримдик болбой турганын билдирген.

30-ноябрда Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко азырынча үч өлкөнүн катышуусунда "газ биримдигин" түзүү идеясын талкуулоого эрте экенин айткан. Ошол эле маалда ал Казакстан өз аймагын санкцияларды айланып өтүүчү жер катары пайдаланууга жол бербей турганын кошумчалаган.

СССР таркагандан кийин мурдагы газ өткөрүү системалары эгемен өлкөлөргө мурас болуп калган. Алардын бири (Борбор Азия — Борбор) Түркмөнстандан Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтүп Орусияга барат. Мындан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан Кытайга көгүлтүр отун жеткирген газ куурунун катышуучусу болуп эсептелет.

Орусия жаратылыш газынын ири экспорттоочусу. Өзбекстан менен Казакстан газды көбүнчө Кытайга экспорттойт, бирок бул эки өлкөдө өндүрүлгөн көгүлтүр отундун кыйла көп бөлүгү ички керектөө үчүн колдонулат.

Евробиримдик Украинага басып киргени үчүн Орусияга санкцияларды киргизип, орус газына болгон көз карандылыгын азайткандан кийин Москва Кытайга жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн көбөйткөн.

Видео

XS
SM
MD
LG