Ссылки доступа

Токаев Экибастуз ЖЭБинин ээсинен шаар тургундарына кенемте төлөп берүүнү талап кылды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Экибастуз шаарындагы жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) ээси, олигарх Александр Клебановдон ЖЭБдеги авариядан улам жылуулуксуз калган тургундарга кенемте төлөп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.

Токаевдин айтымында, кенемте үчүн төлөнө турган чыгымдар ЖЭБдин ээси менен мамлекеттин ортосунда бөлүштүрүлүшү керек. Ал өкмөткө жана аймактардын башчыларына шаардагы маанилүү инфраструктуралык объектилерге экспертиза жүргүзүүнү жана алардын ар бири боюнча чечим кабыл алууну тапшырды.

Мындан тышкары президент ЖЭБдин 50% мамлекеттин пайдасына алуу, ал жерди менчик ээсинин эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле бийлик толугу менен эскирип алган объектини башкара алар-албасын аныктоо үчүн көз карандысыз аудит жүргүзүүнү тапшырды.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Калаада өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынган. ЖЭБдеги аварияга анда иштеген кызматкерлердин катасы себеп болгону расмий айтылган.

Павлодар облустук прокуратурасы ЖЭБдеги авария фактысы боюнча "Өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбоо" беренеси менен сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. Мекемеден бул кылмышка күнөөлүү деп табылган адамдар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG