Ссылки доступа

Тегеран "Азаттыктын" иран кызматын санкциялык тизмеге киргизди


Ирандын бийлиги 30дан ашык кишиге жана уюмга каршы санкцияларды киргизиди. Алардын арасында "Азаттыктын" иран кызматы (Radio Farda) да бар.

Иран өкмөтү мындай чечимди Европа Биримдиги (ЕБ) Тегеранга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизет деп күтүлүп жатканда кабыл алды.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Насер Канаани Европа "Ирандын ички ишине кийлигишип жатканын" белгилеп, "өлкөдөгү азыркы саясий жана экономикалык аныксыздык үчүн Европа жооптуу экенин" билдирди.

Анын айтымында, жаңы санкциялык тизмеге 32 киши жана уюм киргизилди. Алардын арасында MI5 деп аталган британ ички агенттигинин башчысы Кен МакКаллум, Улуу Британиянын коргонуу штабынын башчысы Тони Радакин, Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Бернар Кушнер жана бир нече немис саясий ишмерлери бар. Мындан тышкары тизмеге Radio Farda жана сатиралык Charlie Hebdo француз журналы кирген. Канаани бул санкциялар дароо күчүнө киргенин кошумчалады.

Санкцияга ылайык, тизмедеги адамдардын Иранга кирүүсүнө тыюу салынып, алардын бул өлкөдөгү мүлктөрү менен активдери конфискацияланат.

"Radio Farda’нын санкциялык тизмеге киргизилиши – бул чындык менен маанисиз манипуляция кылуу. Чыныгы реалдуулук – иран режими жаркын келечек үчүн акцияга чыгып жаткан эркектерди, аялдарды жана балдарды күн сайын өлтүрүп жатат. Ал курмандыктарды айыптап, алардын үй-бүлөлөрүнө катаал мамиле кылууда. Буга карабастан булактар менен аудитория Radio Farda'ны ишенимдүү булак катары угуусун улантууда", – деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай.

12-декабрда ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, өкмөткө каршы акцияларды күч менен басууга аракет кылып жатканы жана Орусияга учкучсуз учактарды жеткиргени үчүн Иранды айыпташкан.

Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кетип, кийин ал каза болгондон соң өлкөдө жапырт нааразылыктар башталган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланган.

Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болгону кабарланууда.

Ирандын бийлиги нааразылык акциялардын тутанышына АКШ баштаган Батыш мамлекеттерин айыптоодо. Батыш өлкөлөрү аны төгүндөп, буга расмий Тегерандын катаал саясаты алып келгенин билдирип жатышат.

Radio Farda бир нече платформада, анын ичинде Иранды толугу менен камтыган спутник жана кыска толкундуу берүүлөр аркылуу күнү-түнү маалымат таратып келет. Радионун веб-сайты өлкөдөгү перс тилиндеги эң популярдуу жаңылыктар ресурстарынын бири болуп эсептелет. Мамлекеттик цензурага карабастан Radio Farda'нын аудиториясы өсүүдө. Өлкөдө нааразылык акциялар башталган 16-сентябрдан 30-ноябрга чейинки аралыкта радионун YouTube'дагы видеолорунун көрүмдүүлүгү 408% өссө, Instagram'да өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 619% көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG