Ссылки доступа

Роскомнадзор дагы бир казакстандык басылмадан Украинадагы согуш жөнүндө жаңылыкты өчүрүүнү талап кылды


Орусиянын массалык коммуникация жана байланыш тармагындагы көзөмөл кызматы (Роскомнадзор) Казакстандын "Власть" басылмасынан Орусиянын Украинага кол салганы тууралуу жаңылыгын өчүрүүнү талап кылды.

Мекеме бул талап орундалбаса басылманын сайты Орусиянын аймагында бөгөттөлөрүн эскерткен. "Власть" редакциясы бул талапты аткарбай турганын кабарлады.

Роскомнадзор өчүрүүнү талап кылган материалдардын биринде Украинанын Винница шаарын Орусия ракета менен аткылап, ондогон адам өлгөнү, дагы бир материалда бир нече айдан бери Орусия аскерлеринин курчоосунда турган Украинанын Мариуполь шаарында карапайым кишилер өлүп жатканы жазылган.

Роскомнадзор Казакстан ЖМКларына буга чейин да ушундай талаптарды коюп келген. 14-ноябрда Аrbat.media маалымат порталы, августта Ratel.kz сайты да ушундай талап жазылган эскертүүлөрдү алганын билдиришкен. Эки сайт тең Орусиядагы согуш тууралуу материалдарды өчүрүүдөн баш тартып, казакстандык окурмандар маанилүү экенин белгилешкен.

Казакстандык Newтtimes.kz сайты гана Роскомнадзордун талабын орундаткан. Муну редакция Орусиядагы аудиториясынан ажырагысы келбегени менен түшүндүргөн.

Казакстандын бийлиги Роскомнадзордун талабына байланыштуу расмий түрдө реакция жасаган жок. Казакстандык укук коргоочулар мекеменин талабын цензура деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG