Ссылки доступа

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист Завкибек Саидамини тергөө абагынан түрмөгө которулду (видео)


Завкибек Саидамини этапирован из столичного СИЗО в колонию на «Первом Советском»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист Завкибек Саидамини 12-декабрда Душанбедеги тергөө абагынан түрмөгө которулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу анын жакындарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү журналисттин Душанбе шаардык сотуна жазган апелляциялык арызы карала баштайт деп күтүлүүдө.

Завкибек Саидамини тергөө иштери жана баш калаадагы Исмоили Сомони райондук сотундагы процесстер "бир тараптуу" болгонун айтып, ишти кайрадан кароо жана өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен Душанбе шаардык сотуна кайрылган.

Журналисттин апасы Хабиса Ятимова уулу камакка алынгандан кийин анын балдарын багуу үчүн атайын Рогун шаарынан Душанбеге көчүп келген.

"Ал менин улуу балам, мага каралашып келген. Башка балдарым да бар, бирок азыр аларга өз үй-бүлөсүн багуу да кыйын болууда. Завкибектин төрт баласы бар. Карагылачы, ушул да жашообу?", – деди Ятимова.

37 жаштагы Завкибек Саидамини быйыл июль айында кармалып, ноябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Сот аны өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга күнөөлүү деп тапкан. Журналист өзү жана анын жакындары бул айыптар негизсиз экенин айтып, аларды четке кагышкан.

Кезинде мамлекеттик телеканалда иштеген Саидамини акыркы жылдары социалдык түйүндөр аркылуу бийликтин айрым аракеттерин сындап келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары ага карата чыккан айыптоо өкүмүн сынга алышкан. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) журналисттин соттолушун Тажикстандагы сөз эркиндигине кол салуу деп атаса, Журналисттерди коргоо комитети тажик бийлигинен аны эркиндикке чыгарууну талап кылган.

Акыркы жарым жылдын ичинде Тажикстанды жети блогер жана журналист кармалды. Бүгүнкү күндө алардын көбүнө өкүм чыгып, камакта отурушат.

XS
SM
MD
LG