Ссылки доступа

Казакстанда Phystech II компаниясынын кенчилери маянаны көбөйтүүнү талап кылышууда


Маңгыстоо облусуна караштуу Түпкараган районундагы Түндүк Каражанбас кенинде мунай өндүргөн Phystech II компаниясынын 30дай кызматкери үч күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар маянаны 100 пайызга көбөйтүүнү талап кылышууда.

13-декабрга караган түнү кезмети бүткөн мунайчылар үйлөрүнө барбастан, ишкананын кеңсесинен алыс эмес жерге боз үй тигишти. Жумушчулар бул учурду видеого түшүрүп, “Азаттыктын” казак кызматына жөнөтүшкөн.

“Ишкананын жетекчилиги 12 градус суукта аймактан чыгарып койду. Биз маселенин чечилишин күтүп жатабыз”, - деди жумушчулардын бири. Атын атагысы келбеген кенчи полиция четте алардын аракетине байкоо салып жатканын кошумчалады.

10-декабрда мунайчылар Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев баш болгон бир нече аткаминерге видеокайрылуу жолдошкон.

— Маянабызды 100 пайызга жогорулатууну талап кылабыз. Азыр айлыгыбыз 112-180 миң теңге. Комиссия түзүлгөнү менен талабыбыз аткарылган жок. Маянабызды 15 пайызга гана көбөйтөбүз деп, социалдык чыңалууну жаратышууда, - деген жумушчулардын бири.

Phystech II ишканасында кезмет менен 110 киши иштейт. Компаниянын юристи Дарига Кибасова ушул тапта 30дай мунайчы нааразылыкка чыкканын билдирди.

“Иш азырынча токтогон жок. Бирок башка нөөмөттөгү 55 кенчи да аларга кошулууга ниеттентип жатат”, - деди ал.

Кибасованын айтымында, нааразы болуп жаткан жумушчулардын айлыгы орточо 200-230 миң теңге же 450 доллардын тегереги. Компаниянын өкүлү маянаны көбөйтүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын, бирок ишкана азыр банкрот алдында экенин кошумчалады.

2015-жылы каттоодон өткөн Phystech II компаниясы мунай жана газ аралашмасын өндүрүү менен алектенет. Компания жыл башынан бери 2,3 миллиард теңге салык төлөгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 200 миллион теңгеге көп.

Видео

XS
SM
MD
LG