Ссылки доступа

"Чек арасыз кабарчылар": 2022-жылы иш учурунда 57 журналист каза болду


“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун маалыматына караганда, 2022-жылы 57 ЖМК кызматкери иш учурунда каза болду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 19% көп.

14-декабрда жарыяланган баяндаманын авторлору муну Украинадагы согуш менен байланыштырышкан. Украина журналисттер үчүн өтө кооптуу Мексикадан кийин эле экинчи өлкө болуп калды. 2022-жылы өлкөдө кызматтык милдетин аткарып жүрүп сегиз кабарчы көз жумган.

Бул арада бери дегенде эле 65 медиа кызматкери туткунга алынган. Маселен, Украинадагы УНИАН маалымат агенттигинин журналисти Дмитрий Хилюк 4-марттан бери дайынсыз.

“Чек арасыз кабарчылардын” маалыматына караганда, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 533 журналист кармалган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 13,4% көп. Алардын ичинен 15% – аялдар. Бул учурлардын жарымынан көбү Кытай, Мьянма, Иран, Вьетнам жана Беларуста катталган. Кытайда 110, Иранда 47 ЖМК кызматкери түрмөдө отурат. Алардын айрымдары өкмөткө каршы нааразылыктарды чагылдырганы үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Орусияда 18 медиа кызматкери камакта. Алардын сегизи – аннексияланган Крымда кармалган украиналыктар.

“Чек арасыз кабарчылардын” баяндамасында мамлекетке чыкканчылык жасоо айыбы менен 22 жылга соттолгон орусиялык журналист Иван Сафроновун аты аталган.

XS
SM
MD
LG