Ссылки доступа

Кумтөрдөн түшкөн акча маселеси парламентте көтөрүлдү


Кыргызстандын ири каржы булактарынын акчасынын максаттуу пайдаланылышы тууралуу маселе 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Эмил Токтошев абанын булганышын алдын алуу долбоорун каржылоого мамлекеттен жардам керек болуп жатканын белгилеп, Кумтөрдүн акчасы боюнча айтты:

“Профессор Арстанбек Асанов үч-төрт жылдан бери долбоор көтөрүп жүрөт Кара-Кеченин көмүрүн байытып берейин, брикет кылалы, ошону сатсак газ чыкпайт деп. Ага көңүл бурган киши жок. Ошол заводдун 50 миң тонналык көмүргө эсептелген биринчи этабына болгону 3-4 миллион доллар акча керек экен. Мына, Кумтөрдүн акчасын эмне кылдык? “Улуу көчмөндөр мурасынын” миллиард сомунун изи чыкпай жатат. Улуттук банк валюта кармайм деп 500 миллион долларга чейин чачып жиберди. А биз ден соолук үчүн ушул 3-4 миллионду таппай жүрөбүз”.

Соңку күндөрү Бишкекте ыш маселеси кайра күчөп, борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын үчилтигине кирди.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

Президент Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин былтыр жыл аягында түзгөн, ал бир жылга жетпей жоюлду. Депутат Дастан Бекешев холдингдин айынан Кыргызстан 700 миллион сом чыгашага учураганын айтып чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча түшүндүрмө берип “Бул акчанын баары эле кайра биздин бюджетке келип түшөт” деп айтты.

XS
SM
MD
LG