Ссылки доступа

Москвада тажикстандык студенттин өз жанын кыюусу иликтенүүдө


Рахима Каримова
Рахима Каримова

Москванын тергөө органдары 21 жаштагы тажикстандык студент Рахима Каримованын өлүмүнүн чоо-жайын иликтей баштады.

Күбөлөрдүн айтымында, Орусия мамлекеттик геологиялык чалгындоо университетинде окуган Рахимова 9-декабрда поезддин алдына боюн таштап өз жанын кыйган.

Маркумдун жакындарынын айтымында, белгисиз бирөө "Инстаграм" социалдык түйүнүндө Рахиманын атынан жалган баракча ачып, фотошоп аркылуу анын уяттуу сүрөттөрүн жасап чыгарып жүргөн.

"Ал бала Рахимага үйлөнүүнү каалаган, бирок кыз макул болбой койгондон кийин "Инстаграмда" анын атынан жалган баракча ачып, фотошоп менен жасалган жылаңач сүрөттөрүн чыгара баштаган. Акыркы жолу ал Рахиманы интимдик видеосун жарыялайм деп коркуткан экен. Рахима өч алуунун жана шантаждын курмандыгы болуп калды", – деди маркумдун тайежеси.

Анын айтымында, алар Рахиманын өз жанын кыюусуна себепкер болгон баланы тааныйт жана ал тууралуу бардык маалыматтарды тергөөчүлөргө өткөрүп беришти.

Маркум кыз өлүм алдында калтырып кеткен катында эч кимдин аты-жөнүн атаган эмес. Ал ата-энесинен кечирим сурап, "өзүн жек көрүп жатканын", "өлүп калганы жакшы экенин" жазган.

"Ата, апа, мени кечирип койгула. Мен канча кечирим сурасам да жетишсиз. Мени күнөөлөбөшүңөрдү суранам. Мен силерди уят кылганымды бир нече жолу айткансыңар. Кечирип койгула, мен силердин жүзүңөргө карай албайм", – деп жазган ал.

Азырынча Рахима Каримованын сөөгү жакындарына бериле элек.

Маркум кыздын үй-бүлөсүнө юридикалык жардам көрсөтүп жаткан адвокат Наргис Мулложанованын айтымында, Рахиманын жакындары көптөгөн документтер менен далилдерди топтоп, тергөөчүлөргө өткөрүп беришкен. Ал шантаж жолу менен кызды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG