Ссылки доступа

Нукуста күч колдонуу фактылары боюнча иштер өзүнчө өндүрүшкө алынды


Быйыл 1-2-июль күндөрү болгон Нукус окуялары маалында курал-жарактар менен атайын каражаттардын колдонулушу, ошондой эле айыпталуучулардын кармалышы өзүнчө өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, прокуратура органдары эки адамдын өлүмү фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында алдын ала тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

"Анын жыйынтыгында укук коргоо органдары ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, кармалгандарга карата күч колдонгону аныкталса, күнөөлүүлөргө карата мыйзамдуу чечимдердин кабыл алынышы камсыздалат. Мындан тышкары ал иштер боюнча сот отурумдары ачык өтөт", – деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Мекеме өкүлү курал-жарактар менен атайын каражаттар стратегиялык объектилерге кол салууга жол бербөө максатында 1-июлда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында, 2-июлда Нукус шаардык ички иштер башкармалыгынын жанында колдонулганын кошумчалады.

"Коомчулуктун тынсыздануусун жараткан бул фактылар боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергөө иштери уланууда. Тергөө аяктагандан кийин бул фактыларга укуктук баа берилет", – деп билдирди ал.

Ушул күндөрү Бухара облустук сотунда Каракалпакстан окуяларына айыпталган 22 адамдын соту уланууда. Отурумдарда жалпысынан 200дөн ашуун жабырлануучунун көрсөтмөсү угулганы кабарланды. Алардын көбү аскер кызматкерлери жана күч органында иштегендер.

13-декабрда айыпталуучулардын бир канчасы аскерлерден кечирим сурады.

Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Каракалпакстан окуяларын иликтөө боюнча Өзбекстандын Олий Мажлиси (парламент) түзгөн көз карандысыз комиссия жапырт башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандарга каршы ашыкча күч колдонулганы боюнча Башкы прокуратурадан түшүндүрмө сураган.

XS
SM
MD
LG