Астана шаардык сотунун басма сөз кызматы ишкерге каршы кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгонун айтуудан баш тартышты.
Буга чейин Астананын административдик соту президент ант берген 26-ноябрда тарапташтары менен акцияга чыкканы үчүн Марат Абиевди 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Анда Абиевге карата "Мыйзамсыз митинг уюштуруу жана өткөрүү", "Полиция кызматкерлеринин талабына баш ийбөө" беренелери боюнча козголгон административдик иштер каралганы кабарланган.
Иштин материалдарына ылайык, Абиев 26-ноябрда шаар акимчилигинин уруксаты жок "Думан" көңүл ачуу комплексинин алдында митинг өткөрүп, полиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийген эмес.
Сотто Абиев тагылган айыптарды четке кагып, "өлкө жетекчилигинин көңүлүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду тез арада кароого буруу үчүн тынч митинг уюштурганын, мыйзамга каршы эч кандай аракеттерге барбаганын" билдирген.
26-ноябрь күнү кечинде Астанада ондогон киши кармалып, шаарда бир нече саатка интернет өчүрүлгөн. Кийинчерээк өлкөнүн Ички иштер министрлиги 18 киши кармалып, административдик жазага тартылганын билдирген. Бийлик жалпысынан акцияга "300гө жакын киши катышып, бир нече убакыттан кийин Акордону көздөй баруу чакырыгы айтылганын" маалымдаган.
Абиев тууралуу ЖМКлар алгачкы жолу быйыл май айында, "концертке катышуу үчүн" автобустар менен аймактардан келген анын жүздөгөн тарапташы Астанага кире албай калгандан кийин жазышкан. Астана акимчилиги "Марат Абиев концерт өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилбегенине карабастан, алдамчылык менен адамдарды концертке чакыруусун уланта бергенин" билдирген.
Анда интернетте ыктымал жапырт башаламандыктардын алдын-алынганы кабарланган. Абиев өтпөй калган концерттен кийин жергиликтүү Ulysmedia.kz сайтына маек куруп, анын тарапташтары мыйзамга каршы эч кандай аракеттерди жасоону көздөбөгөнүн, өзү саясат менен алектенүүнү пландабаганын айткан.