Ссылки доступа

Түркмөн-өзбек чек арасынан өтүү бир нече саат убакытты алууда


Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекети. Фарап
Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекети. Фарап

Өзбекстандан Түркмөнстанга бараткан жүргүнчүлөр узак текшерүүдөн өтүшүүдө. Лебап облусундагы "Фарап" чек ара бекетинде паспорттук көзөмөлдөн тышкары коронавируска тест алуу жана бажыда багажды текшерүү көп убакытты алууда.

Ашхабад пандемиядан бери аба байланышын чектегендиктен, кишилер Өзбекстанга учуп келишип, андан соң Түркмөнстанга сапар алышат.

“Чет өлкөдөн келген жарандар COVID-19га карата тесттен өтүшүп, жыйынтыгын 7ден 10 саатка чейин күтүшөт. Лебап облусунун Ооруларды алдын алуу кызматы тест жасап, андан соң аны лабораторияда текшерүү үчүн 50 чакырым аралыктагы Түркмөнабаддын борборуна жөнөтүшөт. Тесттин жыйынтыгы чыкканга чейин кишилер Фарапта 7 саат күтүүгө аргасыз болушат”, - деди өз булактардын бири.

Тесттин баасы 120 манат же АКШ долларынын расмий курсу боюнча 34 доллар.

Өзбекстанга барган түркмөнстандыктардын бир бөлүгү соода менен алектенсе, айрымдары Өзбекстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууга аракет жасашат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары түркмөн бийлиги Өзбекстанга барган жарандарын тыкыр көзөмөлгө алып жатканын билдиришүүдө. Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери четке чыккан жарандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Түркмөнстанды жамандоодон, көйгөйлөр жөнүндө кеп кылуудан оолак болууну эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG